www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы коомдук транспортторго санитардык эрежелерди сактабагандыгы үчүн жалпы суммасы 40 миң сомдон ашык айып пул салынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов брифинг учурунда айтты.

"1-июндан тартып Бишкек шаарынын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери тарабынан коомдук транспорттун айдоочуларына санитардык эрежелерди бузуу боюнча 40 миң сомдон ашык айып пул салынды. Бирок муну менен чектелбейбиз. Бизди коомдук транспорттун айдоочуларына санитардык эрежелерди сактабагандыгы үчүн 40 миң сомдон ашык айып пул салындын максат айып пул салуу эмес. Биздин максатыбыз вирусту жеңүү. Ошол үчүн биз ушундай иш-аракеттерге барганга аргасыз болуп жатабыз", - деди Алымкулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости