www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдук жайларда, транспортто, коомдук тамактануу түйүндөрүндө, соода аянттарында санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чаралары күчтөндүрүлдүгү тууралуу Республикалык ыкчам штабдын кеңешмесинде айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов өлкөнүн бир катар райондорундагы тургундар арасында коронавирустук инфекциядан жабыркагандардын санынын өсүшүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Буга катар ал санитардык чаралардын жана киргизилген тыюулардын сакталышына жетишсиз жана натыйжасыз көзөмөл жүргүзгөндүгү үчүн жергиликтүү бийлик органдарынын жана ички иштер органдарынын ишин сынга алды.

«Акыркы күндөрү өлкөнүн бир катар райондорунда жагымсыз эпидемиологиялык абал байкалууда. Оору жана оор абалдагы жарандардын саны көбөйүүдө. Мурда белгиленгендей, ар-бир бейтапты дарылоодо өзгөчө мамиле керек. Бардык коопсуздук чараларды жогорулатуу, анын ичинде коомдук жайларда, транспортто, базарларда, соода борборлорунда, ресторандарда санитардык ченемдерди сактоо боюнча текшерүүлөрдү өткөрүү зарыл. Бет кап тагынуу режими так сакталууга тийиш. Мындан тышкары эпидемиологиялык иликтөөлөрдү жүргүзүү жана коронавирус инфекциясын жугузган адам менен байланышта болгондордун обочолонуу режимин сактоосу боюнча иштерди сапаттуу аткаруу керек», – деди Өкмөт башчы.

Кубатбек Боронов эпидемиологиялык кырдаалдын жакшы болушунун туруктуулугун камсыз кылуу жана өлкөдө ооруну жуктургандардын көбөйүшүн алдын алууда жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин жоопкерчилиги жогору экенин баса белгиледи.

«Жер-жерлердеги эпидемиологиялык кырдаалга силер жооптусуңар. Бардык коопсуздук чараларын кабыл алып, көзөмөлдү күчөтүү керек. Эгер илдет күч алса, ага жооптуу экениңерди унутпагыла», – деди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр Кубатбек Боронов Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго мамлекеттик сатып алуулар боюнча тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн, ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыхановго мамлекеттик сатып алуулар боюнча тийиштүү деңгээлде иш алып барбаганы үчүн сөгүш берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости