www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокенде рейд учурунда той токтотулду

Ноокен райондук ички иштер бөлүмү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте коронавирус илдетинин жайылуусун болтурбоо, санитардык нормалардын сакталуусун көзөмөлдөө максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Тиешелүү кызмат өкүлдөрүнөн куралган жумушчу топ район аймагындагы базарларды, кафе-ресторандарды, жарандар көп топтолуучу жайларды текшерүүгө алышты. Санитардык нормаларды сактабай, коомдук жайларда бет кабы жок жүргөндөргө эскертүүлөр берилди.

Мындан сырткары 4 коомдук жайларга КРнын Бузуулар жөнүндө кодексинин 293-беренеси менен протокол түзүлүп, айып пулдар салынды. Буга чейин айып пул салынып, бирок дагы деле мааракелерди кабыл алып жаткан ресторандагы той токтотулду. Учурдагы кырдаалды эске албай алдыда дагы буюртмаларды кабыл алган ресторандын буюртмалары токтолуп, 26-сентябрда чыгарылган штабдын чечими тааныштырылды. Штабдын чечими аткарылбаган учурда мыйзам чегинде чара көрүлөөрү эскертилди.

COVID-19 илдети адамдын кызматына, байлыгына карабай жуга тургандыгы, анын алдын алуу санитардык нормаларды жана жеке гигиенаны сактоо экендиги жеткирилди. Илдетти жугузбоого ар бир жаран өзү үчүн кам көрүп, айтылып жаткан медициналык каражаттарды жанына салып жүрүү керектиги белгиленди- деп билдирет Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости