www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынан депутаттыкка талапкер Жылдыз Мусабекова шайлоодон кийинки абал тууралуу сарасеп салды.

“Шайлоо-өлкөңдүн түбүнө жетирүүнү турмушка ашыруу жана укугу эркин жарандардын мээсин айлантуу” деп америкалык жазуучу, журналист Амброз Бирс акем таамай айткан. Туура 5 күндөн кийин кудай буюрса Кыргызстандын тарых барактарында жаңы жагдайлар ачылат. Бийлик, таасир, мандат талашкандар “деликкен тас, демиңди бас болот” же “жыгылган күрөшкө тойбойт” болуп өлкөнү азапка, баш аламандыкка кептеп, же кан-жинге боегусу келет. Андай ойлуулар жок эмес. Бийлик кумары кимди гана жолдон чыгарбайт. Кээде ушу бийлик талашкандар бир-бирин кимди ким көрдү кылып ийсе эл жеңилдей, моюндарынан оор жүктү алгандай эс ала түшөт беле дегендей аргасыз ойго да жетеленесиң. 

Баягы “мурунку дөөнүн башын сал, кийинки дөөнүн төшүн сал, ал жетпесе алдагы дөөнүн санын сал” деп Меке чал айткандай шайлоодо калыстыкты туу тутам деп убада берген президент баш болуп, партия лидерлери төш болуп аз күндөн соң “кайсы дөөнүн эти казанга көбүрөөк түшөт” деп баштары маң. Парламенттик шайлоо жыйынтыгы же казанга түшкөн устукандын санына жараша келечектеги президенттик тактынын да ээси аныкталышы мүмкүн. 

Негизи бийликтегилер, бизнестегилер, жалпы жонунан акчалуулар “токочтуу бала сүйгүнчүк” тобундагылар чындыкты өз төшөгүнө ылайыктап тартпай таамай айткандарга караганда алар менен бирге курсагын тойгузуп жүрүп, күн-түн кошоматын угуп, күндөрдүн бири кызыкчылыктар дал келбей өз жолу менен кеткен адамдарды өтө жаман көрүшөт, жектешет, тепкилешет, боктошот. 

4-октябрдан кийин айтты, койду дебегиле дал ушундай кырдаалга кептелебиз. Көз караштары, идеялары, туу туткан принциптери дал келбесе да тез арада бириккен жигиттердин көбү мандат ызасынан улам партия ичиндеги сыр-ойдун баарын сыртка чубап, чуулдатышат. 7-кабаттагы үлкөн адамдардын далайынын кулагы күбүр-шыбырдан улам жүрөктөрү шектенүүлөргө толот. Ортодогу куйтулар да устукандан кур калбаш үчүн кутумдук иштердин көбүн жасашат. 

Азга жагып, бирок, көпчүлүктүн жүрөгүнөн орун ала албагандар күнөөнү өздүнөн эмес өзгөдөн издегени эң жаман жышаан. Бир ай бою шайлоо күрөшү көргөзгөндөй, жарышка чыккан партиялардын дээрлик баардыгы бир гана партияны көөлөп, шыбоо менен алдарынын жетишинче алектеништи. Эл чарчаса да Элебай чарчабайт болуп, эски пластинканы кайрадан айландыра берип, мүйүздүү деле болушпады. Албетте, өздөрүнүн ресурстарына (адам, акча, электорат, ишеним, идея ж.б. ж.б) небак эле ичтери чыкпай калгандар. Ээрге кыйшык отургандар. Тизмесин жалаң ФБ жылдыздары, көчө баатырлары, киргиздер менен толтургандар. 

Демек, эл чарчады. Чарчаганынан тарыхта болбогон кадамдарга барышты. Ар бир алдына келген партиянын жыйынын калтырышпай катышты. Өздөрү жазып, кайра небак жыртып, жамаачылап, тешип бүткөн Конституцияны көтөрүп чаап, кур кыйкырык, куу сүрөөнгө эрдемсиген жигиттерин көрүштү. Мыйыгынан жылмайышты. 

Ооба, жеңилүү ызасын тарткан тарап ар дайым эл сурабаса деле “биз эл мененбиз, биз оппозициябыз!” деп алмустактан бери эле айгай салышат. Бирок, элге жарытымдуу жардамы жок.  Оппозициябыз дегендер эл сыйлаган бир адамдын тегерегине чогулса кана ийгиликтерге жетээрин түшүнүшпөйт. Тарых көргөзгөндөй чогула да алышпайт. Ар биринин амбициялары аттын башындай. Казанга түшкөн үч дөөнүн этиндей эле. Эл сыйлаган ишеним арткан бир штук адамды табуу кыйын. “Мен укмушмун” деген жаш, карысынын да илибой жери небак шалтактаган. Мактана, даңктана турган эч жарытылуу иши деле жок. Эл алдында күпүлдөп сүйлөп коюп, башкалардын алдында чөгөлөп, чимкиригин агызып ыйлагандарды да көргөнбүз. Аларга ишенген иттин да шору.   

2010-2015-жылдагы шайлоо эстен чыга элек. Мандат үчүн далай акчасын желге сапырып жиберип же эттен, же эт салган табактан жок кур жалак калган канчалар инсульт, инфаркт алып, оорукчан болушту. Негизи адамдан өткөн мыкаачы жок экен. Өзүн өзү аябайт тура... 
Коркунучтуу пандемия босогобуздан сагалап турган маалда кошумча оору табуу курсагы ток адамдар үчүн керек деле эмес эле. Эмнеге акчасы бар туруп бийликке, кызматка жан талаша бергендердин сырын ушуга чейин эч ким таба эле, таппаса да керек. Ынсап, наспи, көкүрөк көңдөйлүгү боз топуракка гана тоеруна 5 күндөн соң дагы бир ирет күбө болобуз.

Кызыктын баары алдыда... 

“Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынан депутаттыкка талапкер Жылдыз Мусабекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости