www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

– Мирлан мырза, лидер деген ким, ал кандай болушу керек? Сиз өзүңүздү лидермин деп эсептейсизби?

 – Эч ким лидер же төрага болуп төрөлбөйт. Ал өз убагы, сааты менен ар кандай ысык-сууктан өтүп, кыргыз элинин улуу инсандарынын тарыхый басып өткөн жолун карап таасирленип, улуу агалардын, саясатчы жана мамлекеттик ишмерлердин тажрыйбаларын таразалап, насааттарын угуп, акырындан тийиштүү деңгээлге жетет. Албетте, лидер – калыс, чечкиндүү жана адамдык мыкты сапаттарга ээ болгон инсан болушу зарыл. Лидерди күчтүү кылган – анын командасы. Мен бүгүн өзүмдү сасатчы жана партиянын төрагасы деп эсептейм. Сиздин сурооңузга партиялаштарым, эл-журт жана коомчулук баасын бергени дурус.

– Мурда эки партиянын атынан Жогорку Кеңешке депутат болдуңуз. Учурда үчүнчү партиядан депутаттыкка ат салышып жатасыз... Партияны улам-улам алмаштырганыңызды кандай түшүнсө болот?

– Биздин өлкөдө 244төн ашык саясий партия каттоодон өткөн. Кыргызстанда, биринчиден, партиялык тизме менен пропорционалдык шайлоо системасы акырындык менен калыптанып баратат. Бул табигый көрүнүш. Келечегинде ар тараптуу өсүп-калыптанган 5-6 гана партия каларына ишеним бар. Мага деле оңой болгон жок. Сунушту кабыл аларда абдан ойлондум, түйшөлдүм... Партиялаштарыңдын бирөө консерватор, бирөө либерал, экинчиси карама-каршы көз караштагы кишилер, баары менен көз карашың келише бербейт, принциптериңиз туура келбей калышы мүмкүн, ошондуктан “Мекеним Кыргызстан” партиясынын идеясы, максаты күчтүү командасы жакты. Партиянын курамында ар кайсы тармактын өкүлдөрү, тажрыйбалуу инсандар, дыйкан, дарыгер, мугалимден тартып, такшалган саясатчылар, деги эле күчтүү инсандардан куру эмес.

– Сизди эл-журт такшалган саясатчы катары таанып калды. Эки партиянын депутаты катары өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымыңызга баа бергендер да жок эмес...

– 2010-жылы “Республика” партиясынан талапкер катары тизмедеги 30-орунда бизге бөлүнгөн Базар-Коргон району боюнча шайлоого катыштым. Биздин округдагы 75 миң шайлоочудан 40 миңи шайлоого катышып, мен 12 миң добуш алып, биринчи орунга чыктым. Бешинчи чакырылышта жаңы депутат катары 30дан ашуун жаңы мыйзамдарды жаздым, алардын көпчүлүгү турмушка ийкемдүүлүгү жана жарамдуулугу менен азыркы учурда иштеп жатат. Ошондо социалдык маселелер боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлык кызматын аркаладым. Ал эми VI чакырылышта “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан партиялык тизме боюнча депутат болуп шайландым. Парламентке келгенде бир жарым жыл Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетине төрагалык кылдым. Агрардык тармак бизде чоң, масштабдуу, климатка ыңгайлашкан негизги тармак эмеспи, көз менен көрүп, кол менен кармоого боло турган натыйжаларга жетишүү үчүн турмушка жакын, реалдуу, ийкемдүү, иштей турган мыйзам долбоорлоруна муктаж эле. Ошондуктан заман талабына ылайык, чоң-чоң мыйзамдарды жаздым. Балык чарбасы, сугат жерлерди пайдалануунун эрежелери, грек жаңгагын коргоо, өстүрүү, көбөйтүүнүн жолдору, үлүш жерлерге дыйкан каалаган эгинди эгүү жөнүндө жана ушул сыяктуу айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган бир катар мыйзамдарды иштеп чыктык. Эл аралык иштер, иш башкармалыгы, чарба, каржы иштери боюнча 58 мыйзам долбоорун өзүм демилгеледим.

– Айтыңызчы, Мирлан Бакиров деген инсан кантип калыптанды, өстү, жетилди, эл кызматын аркалаганга даяр болду?

– Балалык учур мен үчүн эң баа жеткис жана бактылуу күндөрдү эске салат. Балалыгым тоо коюнунда, шар аккан суунун боюнда жана көк шиберлүү кыргыздын жайлоосунда өттү. Балалыкты эстегенде белгилүү кинорежиссёр Дооронбек Садырбаев агабыздын биздин айылда 1984-жылы тарткан “Махабат дастаны” көркөм фильмисиз элестетүү кыйын. Эмне себептен? Мен ошол мезгилде 5-классты аяктап калган мезгилим. Күн сайын эртең менен атымды токуп алып “массовкага” катышып, “ары чап, бери чап” деген күндөр, ошол мезгилдеги белгилүү киноактёрлордун жана актрисалардын элеси көз алдыма тартылат. Мен 6 айлыгымдан тартып, чоң ата-чоң энемдин колунда чоңойдум. Чоң атам “Жараткан жаштын тилегин берет” деп айтчу эле. Окуучу кезимден, жаш курагымдан эле ошол кездеги Жогорку Кеңештин иши жана депутаттарынын ишмердүүлүгү мени кызыктырчу. Кээ бир учурларда кеч болсо да Жогорку Кеңештин отурумдарын теле аркылуу түнү менен көргөн учурларым болгон. Ошол кездеги “Легендарлуу парламенттин” кийинки кездеги бир мандаттуу округдардан шайланып келишкен депутаттары, мисалы, Турдакун Усубалиев, Дооронбек Садырбаев жана Өмүрбек Текебаев сыяктуу инсандар мени келечекте эл камын ойлогон эл өкүлү болууга шыктандырышты. “Аганы көрүп ини өсөт” демекчи, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө салым кошкон Жусуп Абдырахманов, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов сыяктуу улуу инсандардын Кыргыз ССРинин жана эгемендүү Кыргыз мамлекетинин тарыхындагы белгилүү ар бир саясатчынын калыптанышына таасири чоң деп эсептейм. Бүгүнкү күнү да саясатта, ишкерликте, дегеле жөнөкөй эле адамдарыбыздын арасында мени шыктандырган инсандар бар. Мен кай биринин атын атоо менен башкаларды капа кылгым келбейт.

Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы. 4- октябрда 4-номерди тандаңыз.

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Последние новости