www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук банк инспекциялык текшерүүлөрүн улантмай болду

Кыргызстандын Улуттук банкы инспекциялык текшерүүлөрүн улантмай болду. Банктын 29-сентябрдагы маалыматына караганда, текшерүүлөрдү убактылуу токтотуу тууралуу быйыл июнь айында кабыл алынган токтом күчүн жоготкону жөнүндө чечим кабыл алынды.

Коронавируска байланыштуу чектөөлөрдөн улам башкы банк 29-июнда коммерциялык банктарды, насыя берүүчү уюмдарды, акча алмаштыруучу жайларды текшерүүнү токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алган. Бул уюмдар Улуттук банктын уруксатынын негизинде иштешет. Банк алардын ишмердүүлүгүн текшерип турат.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстанда акча алмаштыруу жайларын чектөө тууралуу сунуш айтылып, бирок ал колдоо тапкан эмес.

Жалпысынан Кыргызстанда 23 банк бар, чакан насыя уюмдарынын саны 142, алардын алтоо ири компания.

Булак: NazarNews.kgм

Последние новости