www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ жана мурдагы күнү Кыргызстан Женева шаарында Бириккен улуттардын кыйноолор боюнча комитетинде отчёт берди. Жыйынга Ички иштер министрлигинин, Баш прокуратуранын, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү катышып, кыйноолорду токтотуу үчүн колдон келгендин баарын жасап жатабыз, бирок мыйзам кемчиликтери көп деди. Кыргызстандын «Кыйноолорго каршы коалициясы» болсо Бириккен улуттарга өз отчётун берип, бийликти сынга алды.
Эки негизги нерсени белгилесе болот. Кандай болбосун отчёт бергенде, кайсы болбосун деңгээлдеги кыргыз жетекчилери – мыйзамда эмне жазылганын айтат, бирок маселе – ал жазылган нерсе аткарылбай жатканында. Эң чоң маселе болсо – мыйзамды бийлик өзү дагы бузуп жаткандыктан, башкалардан аны аткарууну талап кыла албайт.
Экинчи нерсе – жалпы менталитет. Мыйзамдар – жөн гана сырткы жалтырак нерсе, ички турмуш таптакыр башка жана бийлик кана эмес, бүткүл коом ошол ички эрежелер менен жашайт. Ошондуктан кимдир бирөө адам өлтүрсө дагы, анын туугандары тажыя же куран окутуу милдетин өзүнө алып, өлгөндүн туугандары киши өлтүргүч менен чогуу отуруп, чай ичип, эт жейт.