www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанга коронавируска каршы "Спутник Лайт" вакцинасынын 200 миң дозасы жеткирилди. Аны менен 18 жаштан өйдө курактагы бардык каалоочулар эмделе алат.
Препаратты Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин учагы жеткирип келген. Жүктү "Манас" аэропортунан саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-бек Бектурганов тосуп алган.
Белгилей кетсек, коронавируска каршы бир компоненттүү вакцинаны сатып алыш үчүн Орусия өкмөтү Кыргызстанга жардам катары 1,2 миллион доллар бөлгөн.
"Спутник Лайт" Орусияда чыгарылып, май айынын башында каттоого алынган. Анын натыйжалуулугу 79,4 пайызды түзөт жана эки жолу сайыла турган көптөгөн вакциналардан алда канча сапаттуу.
"Спутник Лайт" — бул "Спутник V" вакцинасынын биринчи компоненти. Аны менен эмделгендерде олуттуу терс таасирлер катталган эмес.
Булак: NazarNews.kg