www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сыягы, бул долбоор бийликтегилер күткөндөй, какшыган бюджетке аз эмес киреше түшүрөт окшойт. Эң алгач уккан кулакты сүйүнтө турган жаңылык, “Коопсуз шаар” долбоору ишке киргизилген соң жол кырсыктарынан жабыркагандардын саны өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 44,4% кыскарган. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Өкмөттүн кезектеги жыйынында “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу маселесин кароо учурунда өзү билдирди.

Анын маалыматы боюнча, жол кыймылынын эрежелерин бузуулардын саны 37,5% кыскарган, 38 миң 385 тийиштүү протокол толтурулган. 40 миң 586 бузуу катталып, алардын ичинен 15 миң 411 айыппул 15 күндүн ичинде 20 млн 202 миң сом суммасында төлөнгөн. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө белгилегендей, бул долбоорду ишке ашыруунун максаты - айыптын эсебинен көп каражат жыйноо эмес, жарандардын жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо жана адам өмүрлөрүн сактоо болуп саналат.

Анын айтымында, айып пулдарды төлөөдөн түшкөн каражаттардын бир бөлүгү тез жардам кызматтарынын техникалык абалын жакшыртууга жумшалат. 2019-жылдын 20-апрелине чейин “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыруу башталат жана жыл аягына чейин бардык ири шаарларда жана республиканын трассаларында жол кыймылынын эрежесин бузууларды видеобайкоо камералары орнотулмакчы. Буга чейин жыл сайын дээрлик миңдей адам жолдордо каза тапкан болсо, бул санды биз эки эсе кыскарта алсак, анда ушул биздин жеңишибиз болмокчу. 

Эмнеси болсо да “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу менен айдоочулар жол эрежесин сактап, баарынан кымбат болгон адам өмүрүнүн кыйылышы азайгандыгын элдин да, өкмөттүн да жеңиши десек болот.

Булак: “Майдан.kg”

Последние новости