www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Коопсуз шаар” эмнеге иштебей жатат?

Акыркы беш ай ичинде катталган кырсыктардан 61 адам каза тапса, 1168 адам жабыр тарткан, анын ичинен жүргүнчү ташыган коомдук транспорттордон жабыркаганы 66 адамды түзгөн. Мындай ири жол кырсыктарынын катталышы эмнеден улам болууда? Буга ким күнөөлүү? “Коопсуз шаар” долбоору эмне себептен ишке ашпай жатат?

Рита Карасартова, укук коргоочу: – Мен билгенден тендер боюнча чатак болуп, иш сотко кеткен. Тилекке каршы, атка минерлер, тендерди өз капчыгын толтуруп алганга мүмкүнчүлүк катары көрүп калганы өкүнүчтүү. Бүгүн коррупцияга илешсек, балдарыбыздын келечегин уурдап жатканыбызды билишибиз керек.

Дастан Бекешов, ЖК депутаты: – Бүгүн, өкмөттүн отчёту каралганда, бир топ депутаттар ушул эле суроону Премьер-министрге беришти, бирок жооп бир эле: дагы деле соттун чечими жоктугунан өкмөт долбоорду баштабай жатат дешүүдө. Бирок буюрса, жергиликтүү органдар бир айдан кийин кээ бир жерлерде видео байкоолорду коюп башташат.

Булак: “Ачык саясат”

Последние новости