www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Коопсуз шаар" долбоору боюнча аукцион өттү. Аукционго онлайн режиминде жергиликтүү жана орусиялык үч компания катышты. Кызмат көрсөтүү үчүн баштапкы баа 2,5 миллиард сомдон башталып, аукцион үч айлампа менен өткөрүлдү.

Анын жыйынтыгында Россиялык "ВЕГА" концерн ишканасы 1 млрд. 125 миллион сом сунуштап алдыга чыкты. Сынак комиссиясы кызмат көрсөтүү боюнча баа сунуштамаларын карап чыгып, андан кийин алардын арасынан техникалык шарттарга жана квалификациялык талаптарга жооп берчү компанияны тандоо маселесин кийинкиге калтырды.

Утуп алган компания долбоорду каржылап, беш жыл аралыгында айып пулдан түшкөн кирешенин бир бөлүгү анын эсебине түшүп турат. Айрым талдоочулар долбоорду мамлекет өзү эле ишке ашырса бюджетке да, маалымат коопсуздугу үчүн дагы пайдалуу болмок деп сынга алышты.

Булак: “Фабула”

Последние новости