www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Бекмурза Эргешовдун мурдагы соттуулугу тууралуу маалымат жарыялангандан кийин БШКнын чечимине байланыштуу суроолор коомду иренжитти. Бир эле жагдай боюнча мыйзам буйлаланган төөгө айланып, кош стандарт өкүм сүрүп жатканы көпчүлүктүн нааразы пикирин жаратты. 

Маалыматка караганда, Эргешов 1998-жылы соттолгон, кийин анын соттуулугу сот тарабынан алынган. ЦИК төрагасы Тынчтык Шайназаров Эргешов талапкер болуп катталган учурда ИИМ анын соттуулугу боюнча тоскоолдук жок экенин билдиргенин айтты.

Ошол эле учурда Султанбай Айжигитовдун депутаттык мандаты 2025-жылы БШКга УКМКдан материалдар түшкөндөн кийин алынган. Шайназаров буга чейин жоюлган же алынган соттуулук да мамлекеттик кызматка жана шайлоого катышууга таасир этиши мүмкүн экенин айткан.

Ушундан улам бир мыйзамдык талап эки депутатка эмне үчүн ар башкача колдонулду деген суроо жаралууда. БШК төрагасы бул айырмачылыкка азырынча комментарий берген жок.

Последние новости