www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Чоң-Капка» өткөрмө пунктунан өлкөгө мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылынган, алдын ала баасы 1,3 млн сом болгон эсепке алынбаган товарлар аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, салык кызматынын кызматкерлери Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте өткөрмө пунктунда Mercedes-Benz Atego үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны текшеришкен.
Текшерүү учурунда автоунаанын жүк бөлүгүнөн тиешелүү эсеп-фактурасы, товардык-транспорттук коштомо кагаздары жана сатып алынганын тастыктаган документтери жок товарлар табылган.
Алардын арасында уюлдук телефондор үчүн каптар, аэрозолдор, чарбалык багыттагы пластиналар, ошондой эле вулканизация тармагында колдонулуучу жабдуулар, буюмдар жана материалдар бар.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, аталган товарларды импорттоодо төлөнүүгө тийиш болгон салыктардын суммасы 160 миң сомду түзөт.
Мындан тышкары, тиешелүү коштомо документтери жок товарларды ташыгандыгы үчүн мыйзамдарда 300 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган.
Учурда аталган факты боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, салык мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлүүдө.