www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери, илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Азисбек Эшмамбетов 66 жашында дүйнөдөн кайтты.

Азисбек Эшмамбетов 1960-жылы 16-январда төрөлгөн. Ал медицина илимдеринин кандидаты, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ардактуу профессору болгон.

Эшмамбетов көздүн микрохирургиясы боюнча адистешкен «Дордой-Офтальмик-Сервис» медициналык борборун жетектеп келген.

2018-жылы илим жана техника жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгына татыган. Ал эми 2021-жылдын августунда ага «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери» ардактуу наамы ыйгарылган.

Маркумдун сөөгү 3-октябрда Ат-Башы районундагы өзүнүн туулган айылында жерге берилет.

 

Последние новости