www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанжа 3 миң 872 үй-бүлө жашайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коопсуздук жана коргоо комитетинин жыйынында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов билдирди.
Анын айтымында, 2 миң 472 үй-бүлө мамлекеттик жардамды жана жер тилкесин дагы алышкан. Бирок кооптуу аймактан көчпөй койгон.
«1 миң 460 адам адар жардам алган эмес. Кооптуу аймакта жашаган жарандарга 200 миң сомдон ссуда берилет. Ал эми жер тилкесин жергиликтүү бийлик органдары бөлүп беришет», — дейт ал.
Акылбек Мазариповдун маалыматында, көбү ата-бабасы жашаган жерди таштан кетүүдөн баш тартат.
«2017-жылы Аюу-Сай айылында 24 киши жер көчкү астында калган. Бир жума мурун барып, көчүп кеткиле деп айтканбыз. Көбүнчө кетпейбиз деп тил кат жазып беришет. Малга ыңгайлуулугун карайт», — дейт ал.
Депутат Нуржигит Кадырбеков жарандар өз өмүрүн жана коопсуздугун биринчи орунга коюусу керектигин айтты.
Булак: NazarNews.kg