www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Блогер, косметолог Айнура Сагынбаевага ислам динин ачык бурмалоодо. Бул тууралуу муфтияттын билдирүүсүндө айтылат.
Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы блогерден шариятка туура келбеген сөздөрүн токтотууну талап кылып, тиешелүү органдарга кайрылууга мажбур болорун эскертет.
«Анын коомдун, өзгөчө жаш өспүрүмдөрдүн адеп-ахлактык баалуулугуна каршы билдирген ойлору таптакыр орунсуз. Сагынбаеванын ислам эрежелери жана нарк-насил нормаларына туура келбеген пикирлери көпчүлүктү тынчсыздантууда. Анткени кээ бир ойлору ыймандан ажыроого алып барат. Эгерде аталган жаран шарият негиздерине жана улуттук наркка сыйбаган субъективдүү ойлорун айтууну токтотпосо, тиешелүү органдарга кайрылууга мажбур болобуз», — дейт муфтият.
Белгилей кетсек, Айнура Сагынбаева акыркы түз эфирлеринин биринде жаш жигиттердин никесиз жыныстык катнашка баруусу «күнөө эмес» деп айткан.
Булак: NazarNews.kg