www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Даниянын Копенгаген шаарында жаңы жылдан кийин, 2-январда "Кафе 33" деп аталган кафенин жер төлөөсүнөн жоголгон 1 бөтөлкө эң кымбат арактын бөтөлкөсү табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

Маалыматка караганда, даярдалуусуна 3 килограмм алтын жана 3 килограмм күмүш керектелген арактын бөтөлкөсү Копенгагендеги курулушу жүрүп жаткан жерде 5-январь күнү табылган.

Жергиликтүү полиция бөтөлкө сынбаганын, бүтүн бойдон табылганын билдирген. Аракты курулушта иштеген жумушчулар алган деген божомолдор айтылууда. Учурда полиция кылмышкерди издөө иштерин улантууда.

Эске салсак, буга чейин жергиликтүү ишкер, кымбат арактарды коллекциялаган Бриан Инбергдин дүйнөдөгү эң кымбат арагы уурдалганы маалымдалган. Ал арактын үстүндөгү жапкычы Орус падышалыгынын бүркүтүнүн сөлөкөтүндө металлдан куюлуп жасалган.

Инберг болсо бөтөлкө бош табылганын, бирок ал бөтөлкөнүн өзүнүн табылганына да ыраазы экенин билдирген.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости