www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фашисттик Гестапо деген болгон. Алар айыптууларды кыйноо менен каалаган максаттарына жете турган. Улуттук Коопсуздук комитетин Камчыбек Ташиев жетектегенден бери далай соттордун жүзү ачылып, алар мыйзамсыз байыганы тууралуу маалыматтар белгилүү боло баштады. Кыргызстандагы Фемида тармагынын коррупцияланышып кеткенинин мисалы Камил Осмоналиевдин байлыгынан улам билинет. «Жалкоо менен аңкоодон башканын бары уурдабайт» деген ураанды бекем кармаган бүгүнкү соттун накта жүзү, анын байлыгын санап отурган адам шок болот же жок болот.

Соттор кантип байышат?

 Камил Осмоналиев киреше булактары жок туруп, көптөгөн кыймылсыз мүлктү, Ысык-Көлдүн жээгинен абройлуу пансионаттардан коттедждерди, соода борборлорунан коммерциялык объектилерди жана люкс-класстагы автоунааларды сатып алган. Мыйзамсыз тапкан мүлкүн башка кишилерге каттатып, өзү Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, АКШ жана башка мамлекеттердин курорттук аймактарына байма-бай каттап турган. Бул ортодо ал коммерциялык ишканалардын бирине биргелешкен ишкерлик жүргүзүү максатында декларацияда көрсөтүлбөгөн 150 миң АКШ долларынан ашык акча бергени маалым болгон. Булар чети гана. Ушундай арам тамактарды кекиртектен алган УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев болгон.

Буларды калкалаган  Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева тергөөчүнүн сурагына барбай, ар кайсы шылтоо менен амалданып атканы эмнени билдирет? Кызмат абалынан пайдаланып, кылмыш ишинен качуубу? Калиева мыйзам чегинде келбесе, мажбурлоо менен тергөөгө алып келүүгө УКМКнын укугу бар эле. Таза болсо эмнеге качат? Тергөөгө келип, жооп берип, актыгын аныктасын. Бөөдө жерден энелерди боздотуп, көз жашын төкпөш керек. Мамлекеттин казынасына кол салган сот болобу, чиновник болобу, эртели-кеч жооп берет. Кыйналып, карыз болуп, кредит алып жашаса да, бешене тер эмгек менен жашаганга эмне жетсин! Таба эмес, тооба кылдым. «Ак ийилет, бирок сынбайт» деген улуу сөз бар. Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын дагы бир  мыйзамсыз иштери боюнча элди кабардар кылып койолу. Ал УКМКдан жашынып жүргөн учурда 2021-жылдын 12 мартында Свердлов районунун судьясы С.Чотонов Керимов Жаныбектин ишин карады. Ал микрокредит фирмасынын айдоочусу катары документ жасап, акча уурдады деген жалган кылмыштын негизинде камалып, анын эч кандай документ жасабаганы экспертизалардыне негизинде аныкталгандыктан, бул берене боюнча анын иши сот тарабынан суу кечпей, акталып чыккан. Бирок, дагы эле бирок СИЗОдо мыйзамсыз 1 жыл 2 ай отурганы үчүн ким жооп берет эле? Албетте, анын иши ак болгондуктан мыйзамсыз мынча убакты кармап жатканы үчүн тергөөчүлөр, прокурорлор, сот процесстерин өткөрүп жаткан судьялар жооп беришип, жалган жерден  жатканы үчүн өкмөт Керимов Жаныбекке моралдык жана материалдык компенсация төлөп бермек. Ашкан акылдуу судья С. Чотонов экспертиза таза экенин билдирип, башкы берене боюнча акталып чыкса да, күбөлөрдүн жалаасынын негизинде ага алдамчылык кылган деген негизсиз өкүм чыгарып жатканына жол болдсун. Эмне бизде 1937-жыл кайра кайталанып, баканооздордун жалган жалаалары боюнча соттоп калдыкпы? Кимдир - бирөөлөр эч кандай фактысы жок, сөз менен айыптап койсо, соттор ошонун негизинде өкүм чыгарып калышканбы?

Керимов Жаныбектин толук күнөөсүз экени бул жерде көрүнүп турат. Аны соттук экспертиза да аныктады. Деги ага жалаа жаап судьялардын «кудайына» айланып, оозунан чыккан сөзү фактыга айланып, «өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип», каалаганын билип чалчаңдап жаткан ким болду экен?  Албетте, анын түкүргөн түкүрүгү судьянын башынан алыс кеткен, акчасын самандата чачып, каалаган судьясын сатып алып, каалаган адамын каматып салган К.Иманалиева. «ОБОНчулардын» ана башына айланган К.Иманалиеванын башы ызы-чуудан чыкпай далайларды сыздатып жүргөндү кесип кылып алган. Акча дегенди тамактарына тыгып коюп жүрүп, анын кадыр-баркы сот, прокуратура, милиция сыяктуу коопсуздук органдарында жогорулап, эч кимди көзгө илбей калган.

К.Иманалиева улунун микрокредит фирмасына акчаңарды оборот кылып беребиз деп бир топ кишилердин расписка менен акчаларын алып жети-сегиз жылдан бери бармагын салаасмынан көрсөтүп бербей келатат. Ушундай адамга да соттор ишенет экен. Эми буга кайрылып көрөлү, Казакбаева деген шопрдуу, жесир, оорулуу бечара аялдын үйүн алдап сотту паралап тартып алган. Курбанованын обьектиси офиске алайыктуу экен длеп көзүн артып жүрүп, аны тартып алыш үчүн аны соттотуп жиберген. Бул азыркы соттор ишеничин артып жаткан, анын айткан сөзүн мыйзамдан да өйдө тутушкан К.Иманалиеванын бейнесине кичинекей эле сүртүмдөр.

 К.Иманалиева эмне себептен  Керимов Жаныбекке асылган боюнча калды? Ал Керимов Жаныбектин таэжесинин кайынэнеси болгон. Ал таэжесинин күйөөсү менен мындайча айтканда өз уулу менен ынтымактуу жашап жатканын көрө албай, жок жерден эле келинине каршы чыр-чатактарды уюштуруп жиберчү экен. Ушундай күндөрдүн биринде Керимов Жаныбектин таэжесинин же К.Иманалиева өз келинин машинасын конокко барып келейин деп алдап алып, ан.ы бербей чоң жаңжал болгон., ал чатакка аралашкан Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан араң басылган. К.Иманалиева өз уулуна билгизбей Свердлов райондук соту аркылуу сыртынан мыйзам аркылуу эки жубайды ажыраштырып, акыры уул-келинине тиешелүү үйүнөн эки жаш баласына карабай, келинин үйүнөн кууп чыккан. Буга ыраазы болбогон К.Иманалиева келининен биротоло өч алыш үчүн Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери тергөөчү Т.Айылчиевке 400 (төрт жүз) АКШ долларын пара кылып берипфирмада айдоочу болуп иштеген келининин эжесинин баласы менен фирмада практикада жүргөн инисине кылмыш ишин ачып, камап бер дейт. Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Т.Айылчиев мындай болбогон аз акча үчүн күнөөсүз эки баланы камай албаймын десе, анын өзүн СБга каматып, тааныштары аркылуу кызматынан айдаткан.

Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери тергөөчү Т.Айылчиевдин бул иши менен токтоп калбай К.Иманалиева Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү А.Жумабаев менен начальниги Н.Мамбеталиевдин жумшак тилин таап, аларды алдап-соолап, эки баланы каматыш максатында 2 500 000 (эки миллион беш жүз миң) сомумду булар уурдап алышты, мен болсом фирманын башчысымын деп жалган документ жасаткан. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинде каралгандай жалган документтерди жасаткан К.Иманалиева өзүнө тиешелүү беренелер менен айып тартпай, эч күнөөсү жок, эки бала айыпталып жатат.

(Уландысы бар)

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости