www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтондо 20-августта Конгрессте сүйлөп жатып, дүйнөдөгү 12 өлкө Ооганстандан качкандарга транзиттик аймак болуп берүүгө даяр экенин кабарлады.

Блинкендин айтымында, Бахрейн, Улуу Британия, Дания, Германия, Италия, Казакстан, Кувейт, Катар, Тажикстан, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары жана Өзбекстан качкындарга транзит берүүгө макул болгон.

Албания, Канада, Колумбия, Коста-Рика, Чили, Косово, Түндүк Македония, Мексика, Польша, Катар, Руанда, Украина жана Уганда ооган качкындарына башпаанек бере алары белгилүү болду.

Мындан тышкары АКШ менен Европанын айрым өлкөлөрү акыркы 20 жыл ичинде Ооганстандагы чет элдик аскер күчтөрүнө көмөк көрсөтүп, талибдердин куугунтуугуна кабылган оогандыктарга баш калка берет.

Тажикстандын бийлиги бул багытта расмий түшүндүрмө бере элек. Бирок, 20-августта Кулябдагы эл аралык аэропортко эки аскерий учак конгонун "Азаттыктын" тажик кызматына жеке булактар маалымдаган.

Учактар Ооганстандан же Түркиядан келгени белгисиз.
15-августта талибдер Ооганстанда бийликти басып алган. 100 миңдеген жайкын тургун өлкөдөн качып чыккан.

АКШнын президенти Жо Байден 20-августта Ооганстандан 13 миң адам чыгарылганын билдирди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости