www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Корей чалдарга тийген кыргыз кыздары

Жогорку Кеңеш 2012-жылдын 16-майында чет өлкөгө турмуш курууга чакырган нике агенттиктердин жарнамаларын, кулактандырууларын жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого тыюу салган токтом кабыл алган. Ага нике агенттиктери аркылуу чет өлкөгө турмушка чыккандардын көбү зомбулукка кабылып, “бактысыз болууда” -деген жүйөөлөр негиз болгон. Аталган токтомду кабыл алгандан кийин нике агенттиктердин жарнамалары ЖМКлардан жок болуп кеткен.

Бирок, азыркы учурда бул жарнамалар интернет аркылуу жарыяланып, чет өлкөгө турмушка чыгуу азгырыктарынын аягы суубай келет. Гезитке материал даярдоо үчүн атайы интернеттеги нике агенттигинин биринин байланыш номурун терип, Кореяга күйөөгө чыгуу тууралуу оюбузду айтсак, дароо эле шаардагы кафелердин бирине чакырды. Белгиленген саатта айткан жерине бардык. Бизди корей улутундагы орто жаштагы аял жадырап жайнап тосуп алды. Өзүн тааныштыргандан кийин Түштүк Кореянын экономикасы кандай өнүккөндүгүн, корей жигиттеринин билимдүү жана акчалуу келишерин баса белгилеп айтты. Биз “канча жаштагы корей жигитке турмушка чыгабыз?” – деп сураганыбызда, ал буларды белгиледи “келечекте күйөө бала болуучу жигиттердин жашы 35 жаштан 45 жашка чейин. Алар бул жашка чейин талыкпай билим алып, иштеп жүрүп үйлөнбөй калышат.

Жакында эле бир кыргыз кыз 70 жаштагы кишиге турмушка чыкты. Корей жигиттердин жаш курагы өйдө болгону менен абдан жаш көрүнүшөт”. Бул ортомчу “жеңеге” көпчүлүк кыргыз кыздар корей жигиттеринин байлыгына кызыгып келишет экен.

Анын айтуусунда 10 жылдан бери ушул багытта иштеп, 600гө жакын кыргыз кыздарын Кореяга турмушка узатыптыр. Бир сааттай лекция окуган бул “жеңе”, акыры бизди дагы корей жигитине турмушка чыгуубузду сунуш кылды. 2015-жылы Бишкектеги “Бакыт” өргөөсүнөн үч миңге жакын жаш жубайлар ак никеге турушкан. Алардын арасында кыргыз кыздарынын чет өлкөлүк жарандарга турмушка чыккандар да бар. Баш кошкон жубайлар никеге Бишкектеги төрт райондун, Кыргызстандын жети облусунун, ондогон райондорунун никеге каттоо бөлүмдөрүндө туруп, күбөлүк алса болот.

Ошондуктан, канча кыргыз кыздары чет өлкөлүктөргө турмушка чыгып жаткандыгы белгисиз. Кыргыз кыздарынын башка улуттар менен үй-бүлө куруп жаткандыгы коомдо кайчы-пикирлерди жаратып келет. Айрым улутчулдар “кыргыз кыздары жалаң гана кыргыз жигиттерине турмушка чыгышы керек”-деп билдирсе, аны адам укугун чектөө, кыздардын бактысын басмырлоо катары баалагандар да бар.

Булак: "Алиби"

Последние новости