www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилиги чет мамлекеттерде өткөрүлчү иш-чараларга бара турган адистерди тандоодо бийликти кылдат болууга чакырды. Элчиликтин 1-октябрдагы билдирүүсүнө ылайык, туура эмес тандалган адистер өлкөнүн аброюна зыян келтирүүдө.

"Курорттор ассоциациясынан Мирлан Усубалиев баштаган Элгиз Рысалиев менен Бекжан Мирбеков барган. Элчилик аларга виза жагынан көмөктөшкөн. Бирок Рысалиев менен Мирбеков ошол бойдон Кыргызстанга кайткан эмес. Муну менен алар Кореянын миграция мыйзамын бузду. Алардын мындай кадамдары Кыргызстандын мамлекеттик органдарына Кореянын бийлигинин ишенимин жоготот", - деп жазылат маалыматта.

"Азаттык" радиосу Курорттор ассоциациясынан бул маалыматты азырынча тактай алган жок. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги аныктоо иштери жүрүп жатканын кабарлады.

Булак: "centralasian"

Последние новости