www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коргоо министри отставкага кетүүгө даяр

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов президенттин чечими менен гана кызматтан кетүүгө даяр экенин Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Бекболотовдун айтымында, ал Кыргызстандын армиясындагы кемчиликтерди моюнга алат.

"Эгерде президент мени отставкага кетирүү чечимин кабыл алса, мен кетем. Мен күнөөмдү танбайм. Жоокерлердин өз жанын кыюуга жол бербөө маселеси боюнча жетишерлик иш алып барбаганыбызды мойнума алам. 2010-жылдан бери талдоо жүргүзүп келе жатабыз, тилекке каршы, Армияда өз жанын кыюулар ошондон бери уланып келе жатат: "Тилекке каршы, бүгүнкү күндө дагы болуп жатат. Акыркы үч жылда алар чоңдук менен кыскартылды. Бул эки окуя эскертүүчү кызматкерлердин ишин таптакыр бузуп салды", - деди ал.

Мындан тышкары Бекболотов эки-үч жылдын ичинде штатка офицер-психологдор алынып келингенин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости