www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев депутаттарга Кадамжай районунда кызды зордуктоо жана өлтүрүү фактылары боюнча тергөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, маркум үч ай мурун кармалгандардын бири менен телефон аркылуу таанышып, аны менен байланышып турган. Каргашалуу окуя болоор күнү кызды эртең мененки саат 8:00дө көчөгө алдап алып чыгышып, андан соң күч менен машинага салып, айылдын сыртына алып кетишкен. Алар алдын-ала зордуктоого даярданышкан. Андан соң, кылмышкерлер аны өлтүрүп, сөөгүн Ош-Раззаков жолунун 146-чакырымындагы тоннелге таштап кетишкен.

Маркум ымыркай кезинен бери Таш-Дөбө айылында чоң энеси менен чогуу жашаган. Ал сегиз айлык кезинде ата-энеси Орусияга иштегени кеткен. Ал мектепте жакшы окуган.

Бул иш боюнча үч эркек жана бир жашы жете элек, Ирелеш айылынын 11-классынын окуучусу кармалган. Камакка алынгандардын өздүгү видеокөзөмөл камераларынын негизинде аныкталган. Киши өлтүрүүгө айыпталгандар соттук-психиатриялык экспертизадан өтүп, жыйынтыгы күтүлүүдө.

Ошондой эле, чиновниктин айтымында, милициянын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

Эске салсак, Кадамжай районунда 4 жаран мектеп окуучусун зордуктап, өлтүргөн деп шектелүүдө. Сөөк Ноогардан айылына жакын жерде жайгашкан тоннелден табылганын жергиликтүү тургундар милицияга билдиришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости