www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Руслан Бекназаровго карата сот чечими чыкты

Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаровдун баш коргоо чарасы каралып, ал 12-октябрга чейин камакта калтырылды.

Бул боюнча укук короочу Рита Карасартова Фейсбуктагы баракчасында өз пикирин билдирди.

"Биринчи Май райондук сотунда Руслан Бекназаровдун кармалгандыгы негиздүү жана мыйзамдуубу?

Руслан Бекназаров Кылмыш жаза Кодексинин экстремистик материалдарды таркатуу беренеси боюнча айыпталууда.

Соттук процесс башталганга чейин Руслан мырза менен сүйлөшсөм, ал Афганистанга Талибан бийлик болуп келгенде, Талибан жөнүндө жазгам (биздин расмий бийликтеги Масадыков мырза, ал жерге гуманитардык жардам менен барып келген да), бирөөгө барса болот, башкага жазса болбойбу деген суроо жаралат. Анан Халифат деген түшүнүк кайдан пайда болгон, эмнени билдирет, кайсы элде колдонгон жазгам дейт. Ал нерсеге чакырык жасаган эмесмин, расмий экстремистик материалдарды жайылткан эмесмин, деп айтып берди", - деп жазган Рита Карасартова.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости