www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коргоо министри Бактыбек Бекболотовдон журналисттер интернетке тараган SAARA-02 тууралуу сурашты. Министр учкучсуз аппараттын Кыргызстанда куралганын тастыктабай турганын, ошол эле учурда четке да какпай турганын айтты.

"Учкучсуз аппараттар — кандайдыр бир коркунучтуу технология эмес. Азыр аларды каалаган жерде, кааласа жер төлөдө да курап жатышат. Бизде акылдуу жаштар бар, мен буга ынандым. Кайсы бир жерде курап жатышкан чыгар... Аны бардык жерде жасашат. Мен маалыматты тастыктабайм дагы, четке да какпайм", — деп жооп берди Бекболотов.

Буга чейин интернет тармагына SAARA-02 деген аталыштагы учкучсуз учактын видеосу тараган. Анын өлкөдө чыгарылгандыгы айтылып жаткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости