www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия армиясы Херсон облусундагы жай тургундарды өз убагында алып чыгып кетмекчи. Бул тууралуу РФ армиясынын биргелешкен тобунун командачысы Сергей Суровикин журналисттерге берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.

Ал Херсон облусунда кырдаал курч экенин айтып, аймакка азык-түлүк жеткирүү кыйындап, суу, электр энергиясы жаатында көйгөй жаралганын белгилеген.

"Реактивдүү HIMARS куралдарынын соккусунан улам Антонов көпүрөсү, Кахов ГЭСинин дамбасы жабыркап, кыймыл токтоду. Мындан улам ал жакка тамак-аш, азык-түлүк жеткирүү оор болууда. Бул элдин жашоосун эле кыйындатпастан, өмүрүнө да коркунуч туудуруп жатат", — деди Суровикин.

Ал украин армиясы турак жай, инфраструктура объектилерин атайын аткылап жатканын кошумчалаган.

"Азыркы шартта биздин биринчи тапшырма — жай тургундардын өмүрүн сактап калуу. Ошол себептен Орусиянын армиясы биринчи кезекте калкты алып чыгып кетүүгө аракет кылмакчы", — деген ал.

Суровикин облустун борбору Херсон шаары жөнүндө айтып жатып, Орусиянын Куралдуу күчтөрү аскердик-тактикалык кырдаалга жараша иш алып барарын кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости