www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кийинки жылдын май айынан тарта Балыкчы шаарындагы оңдоо базасында сооттолгон ГАЗ-66 автоунаасы чыгарыла баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов билдирди.

Белгилей кетсек, аскердик техника оңдой турчу база бүгүн ачылды. Ал жактагы керектүү жабдууларды аскердик-техникалык кызматташтыктын алкагында Россия кайтарымсыз негизде берген.

Коргоо министри базанын конструкциясы Ленинград облусунун Луга шаарынан алып келингенин айтып, анын баасы 260 миллион сом экенин белгилеген.

"Кудай буюрса, кийинки жылдын май айынан тарта ал жакта сооттолгон ГАЗ-66 автоунаасы чыгарыла баштайт", — деген Бекболотов.

Последние новости