www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте кыйноого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

27-январда милицияга борбор калаанын тургуну кайрылган. Анын айтымында, жолдошу көп убакыттан бери ага психологиялык жана физикалык зомбулук көрсөтүп келген. Буга чейин аймактык милиция кызматкерлери коргоо ордерлерин берген, бирок бул аны токтоткон эмес. Ал арыздануучуну шылдыңдап, сабоону уланткан.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгү (Кыйноо) боюнча катталып, 1977-жылы туулган М.Д. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Последние новости