www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коркунучту жеңүүгө карата 7 амал

Көпчүлүгүбүз мындай коркуу сезими менен таанышпыз, туурабы? Бир нерседен коркуу жана аны менен күрөшүү, бул кадыресе эле көрүнүш. Бирок, көп учурларда адамдар бир нерсени өзгөртүүдөн коркуп, өзүлөрүнүн коркуу сезимдеринен, санааларынан качып кетүүгө аракет кылышат. Кээде коркуу сезимин башка сезимдерден ажыратуу да кыйынга турат. Бул туурасында aha.kg сайты https://www.knigikratko.ru басылмасына шилтеме берип  жазды.

Коркуу деген эмне?

Психологияда коркууну базалык эмоциялардын бири деп эсептешет, биз буга күнүгө туш болобуз, жумушта, мектепте, көчөдө, үйдө жана башка жерлерде. Коркуу негизинен кулк-мүнөзүбүздүн өзгөчөлүгүнө байланыштуу же өзүбүзгө болгон ишенимдин төмөндүгүнөн пайда болот. Адамдар ар кандай нерселерден коркушат? Суудан, бийиктиктен, оорудан, жол болбой калуудан, өлүмдөн. Коркуу сезими бир эле, бирок ар кайсы адамдар өзүлөрүн ар башкача алып жүрүшөт, бирөө дүрбөлөңгө түшөт, дагы бирөөлөр эмоцияларын башкара албай калышат.

Бул макалада жалпыга маалыма болгон фобия туурасында сөз кылабыз – “сцена коркунучу”. Көпчүлүк адамдар айтышат, алардын эң чоң коркунучу – эл алдына чыгып сүйлөө, бир иш чарада, конценртте, кесиптештеринин алдында, классташтарынын алдында же башка мекемелерде. Кимдир бирөө үчүн көп адамдын алдында сүйлөө коркунучтуу, башка бирөөлөр үчүн бир эле адам менен сүйлөшүү түнкү жаман түш сыяктуу сезилет. Мындай көйгөйгө ар кайсы курактагы көп сандаган адамдар туш болушат. Силерге таанышпы, колуңар калтырап, жүрөгүңөр тез-тез согуп, коркунуч денеңерди сенек кылып катырып таштагандай сезимдер? Коркунуч бизди ушундай абалга алып келет. Эң башкысы, биз эл алдында сүйлөп жатканда баарынан мурда эмнеден коркоорубузду түшүнүп алуубуз керек.

Коркуу сезими менен күрөшүү керекпи жана эмне үчүн?

Айрым адамдар коркуу алардын жашоосунда пайдалуу да роль аткарышы мүмкүн деп эсептешет. Ал бизге эмне коркунучтуу, эмне коопсуз экенин үйрөтөт. Бирок, коркунуч биздин ийгиликке карай жолубузду бууп, максатыбызга жеткирбей, карьералык өсүшүбүзгө бут тоскон учурлар да бар. Ал биздин пландарыбызды талкалайт, колу-бутубузду байлап коет. Өзүбүздү коркунучубуздун кожоюну катары сезүү абдан манилүү!

Эгер силер эл алдында чыгып сүйлөгөндөн корксоңор, анда силер бул сезимди жеңишиңер керек. Бул үчүн толтура айла-амалдар бар. Бул туурасында алдыда дагы сөз кылабыз.

“Эмнеге?” – деп сурашыңар мүмкүн менден. “Эмне үчун коркуу сезимимди жеңишим керек?”. Эл алдында чыгып сүйлөгөндөн коркуу сезимин жеңүү менен силер таасын сүйлөгөнгө, лидер болууга, өз идеяңар менен бөлүшө билүүгө, кызматыңардан жогорулоого ж.б. мүмкүнчүлүк аласыңар.

Биринчи кезекте, силерге бул нерсе эмне үчүн керектигин аныктап алышыбыз керек. Максат койгула, анан ага жетүүнүн ар кандай айла-амалдарын сынап көргүлө. 

Эмне үчүн адамдар эл алдында сүйлөгөндөн коркушат?

Жүздөгөн көздөр силерге тигилген. Бул чынында өтө сүрдүү! Корккон адам жалгыз эле менмин деп ойлойсуңарбьы? Тилекке каршы, жок андай эмес. Андай адамдар толтура, миңдеген же миллиондогон болушу мүмкүн. Эл алдында сүйлөгөндөн коркуунун көптөгөн себептери бар. Аларлын негизгилери төмөнкүлөр:

– алдыңарда адамдын өтө эле көптүгү;
– сөз сүйлөө –  бул силер үчүн жаңы жана белгисиз нерсе;
– башкалар эмне деп ойлойт деген маселенин үстүндө өтө көп ойлоносуңар;
– жолум болбой калат деп коркосуңар жана ал туурасында ойлоносуңар;
– абалды көзөмөлдөн чыгарып жиберем деп коркосуңар.

Мындай себептер алда канча көп болушу мүмкүн. Ар жолу эл алдына чыгып сүйлөөрдө биз бир нерседен коркобуз. Бул коркунуч биз өзүбүздүн чыныгы ким экенибизди көрсөтүүгө, элге эмнени айткыбыз келгенин жеткирүүгө тоскоол болот. Биз ар кандай нерселерден коркобуз. Бирок бардык адамдар эле өз коркунучунун көзүнө тике карап, бетме-бет чыга албайт.

  1. Жайлуу зона.

Силер өзүңөрдү көнгөн жайлуу зонаңардан тышкары да сонун сезе аласыңар. Таң калычтуу угулган менен бул чындык. Презентация даярдоо, эл алдында сүйлөө башында жаман түштөй эле сезилиши мүмкүн. Эгер өскүңөр келсе, окуп үйрөнгүңөр келсе, ийгиликке жеткиңер келсе, анда өзүңөр көнүп алган жайлуу ордуңардан чыгышыңар керек. Алгач айта турган сөзүңөрдү же презентация даярдоодон баштагыла, канчалык эрте баштасаңар, ошончолук жакшы болот. Бул силердин биринчи кадамыңар. Ошондуктан эгер эл алдында сүйлөгөндөн же башка нерседен корксоңор, ал нерсени жасап баштагыла. 

  1. Машыгуу.

Бул өтө маанилүү учурлардын бири. Баары эле жөпжөнөкөй, оңой жана тез эле болбосун тушүнушүңөр керек. Болушунча көп сүйлөгүлө. Күзгү алдында же камера алдында сүйлөгүлө. Ушундай жол менен жакшы эле сүйлөп жатканыңарга ынанасыңар же эмненин үстүндө иштөө керектигин түшүнөсүңөр. 

  1. Визуалдаштыруу.

Көзүңөрдү жумгула. Эл алдында сүйлөп жатканыңарды элестеткиле. Көп адам алдындабы же чакан адамдардын тобу болсун, мунун мааниси жок. Жолум болбой калат деп эч ойлобогула. Силер сүйлөп жатасыңар, а тиги адамдар силерди угуп жатат. Алар силердин сөзүңөр ийгиликтүү аякташын каалашат. Сүйлөп жатканда шашпагыла. Эмне ойду жетуиргиңер келип жатат, ошого бүт көңүлүңөрдү багыттагыла. Эл алдында сүйлөп жаткаыңарды миңдеген жолу элеститкиле, анан акыры чындап сөз сүйлөчү күн келгенде силерге анчалык коркунучтуу болбой калат. Өзүңөрдү кадимки өзүңөр катары кабылдагыла жана позитивдүү ойлонгула! 

  1. Дем алгыла!

Элге чыгаардын алдында бир нече жолу терең дем алгыла. Бул сөзүңөрдү ишенимдүү баштоого жардам берет. Мээңердеги чыңалууну жоюп, көңүлүңөрдү кунт коюуга жардам бере турган көп сандаган дем алуу көнүгүүлөрү бар. Бирок элдин алдына чыккандан кийин кадыресе дем алышыңар керек. Антпесе, дем алганыңарды ойлоп жатып, маанилүү нерселерди унутуп коюшуңар мумкүн. 

  1. Убактты текке коротпогула, оюңарды бир жерге топтогула

Көп учурда эл алдына чыкканда биз өзүбүз жөнүндө өтө көп ойлонобуз: сырткы келбетибиз, манерабыз, үнүбүз ж.б. Биз эмне үчүн сүйлөп жатканыбызды унутуп коебуз. Элге эмне деген ойду жеткиргибиз келсе, ошол ойду жеткирүү абдан маанилүү. Алдыңардагы элге көңүлүңөрдү бургула, өзүңөргө эмес. 

  1. Компетенттүүлүк. 

Өзүңө болгон ишеним компетенттүүлүктөн көз каранды болот.
Албетте, өз ишиңерди мыкты билүү абдан маанилүү. Эмне жөнүндө сүйлөп жатканыңарды жакшы түшүнсөңөр, өзүңөрдү ошончолук ишенимдүү сезесиңер. Эгер кайсы бир тема силер үчүн түшүнүксүз болсо, ал туурасында иликтеп билип алганыңар оң. Ошондо эл алдына чыгып сүйлөө анча коркунучтуу сезилбей калат. 

  1. Калп болсо да түр көрсөтө бергиле!

Силер мыкты чечен эмессиңер, бирок аудиторияга айта турган сонун оюңар бар болушу ыктымал. Белгилүү америкалык актер Ричард Гир берген интервьюларынын биринде мындай деп айткан: “Мен мыкты бийчи эмесмин, бирок мен актермун жана сонун анткорлоно алам”. Ошондой эле америкалыктардын белгилүү бир сөзү бар:“ Ал нерсе чындыкка айланганча калп болсо да түр көрсөтө бер”. Эл алдында сөз сүйлөп жатканда силер да чечен сымал түр көрсөтө бергиле, адамдар буга ишенишет. Бул оңой болбойт, бирок чыдамкайлык менен машыга берсеңер баарын жеңесиңер.

Эл алдында чыгып сүйлөгөндөн коркууну толук жеңүү – оңой болбойт! Ал эми андан таптакыр кутулуу мүмкүн да эмес, бирок айрым бир амалдарды колдонуп анын күчүн азайтууга болот. Коркууга каршы дары биздин өзүбүздүн ичибизде, жана биздин организмибиз бизге коркуу сезими качан керек экенин же качан кереги жок экенин өзү аныктоого жөндөмдүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости