www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Цукербергдин көгөргөн көк бармагы кыргыз үчүн өтө популярдуу болду. Дегеним мага ким басты экен деп "лайк" күткөн заман келди. Мындай пикирин журналист Сайпидин Султаналиев NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

"Цукербергдин көгөргөн көк бармагы кыргыз үчүн өтө популярдуу болду. Дегеним мага ким басты экен деп "лайк" күткөн заман келди. Айрыкча шайлоого карата "үгүтация" башталгандан бери өзү кайсы бир партиядан үмүт этип, ага карата үгүт ишин жүргүзүп, аны  колдоп жазган  постуна Цукенин  чычайган бармагын канча адам баскандыгын санап, комментарий жазды бекен деп басып бара жатып да кадам сайын карап отурмайды адатка айлантып алышкандай. Кээ бирөө жазганыңдын маанисине карабай, көздөрү креслодон өткөн талапкерлерин жакшылап талдабай туруп эле көнүп калган адаты менен "Лайк" басып же комментарий жазып койгон болсо, бекер момпосуй алган жаш баладай кудуңдап, комментарий жазган кишинин баракчасын аңтарып, анын эмне жазганына карабай катары менен Цукенин эки үч "лайкын" чычайта басып,  тоюңа алып келген  кошумчадан кутулгандай кудуңдап, өзүңө-өзүң ичиңден ыраазы болуп терең "уйкуга" кетесиң... 

Лайк лайкы менен кызык көрүнөт. Бирок Өлкөнүн келечеги андан алда канча маанилүү экендигин түшүнүү мезгили келди бир тууган...", - деп билдирди Сайпидин Султаналиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости