www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19- сентябрда Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана Президенттин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев Нурлан Алишеровдон кабар алды. 

Жолугушуу учурунда Нурлан Алишеровго ден-соолугун чыңдоого зарыл болгон аракеттерди көрүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан материалдык жардам тапшырылды.

Бүгүнкү күндө Нурлан Алишеров өзүн жакшы сезип калгандыгын жана кийинки рекорддорду багындыруу ниети бар экендигин айтып, ал үчүн толук реабелитациядан өтө тургандыгын билдирди.

Белгилей кетсек, ал оор абалда ооруканада жаткандыгы кабарланып, жардамга муктаж экендиги маалым болгон.

Нурлан Алишеров Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө каймана “Ташчайнар” аты менен белгилүү балбан. Учурда ооруканадан ийгиликтүү даарыланып чыгып,үй-бүлөөсү менен үйүндө жашап жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости