www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коркутууларга кабылган дарыгер өз жанын кыйды

Австрияда вакцинацияга каршы чыккандардын коркутууларына кабылган дарыгер Лиза-Мария Келлермайр өз жанын кыйды. Бул тууралуу Reuters агенттиги маалымдады.

Дарыгердин сөөгү анын иш бөлмөсүнөн табылган. Өлүм алдындагы катында опузалардан улам ал ушул жолго барганын жазган.

Австриянын президенти Александр ван дер Беллен калкты жек көрүүгө жана кодулоого каршы бирге турууга чакырды. Саламаттык сактоо министри Йоханнес Раух дарыгердин өлүмүнө байланыштуу жек көрүү кечиримсиз экенин, ал токтотулушу керектигин айтып чыкты.

Дарыгер Келлермайр жалпыга маалымдоо каражаттарына курган интервьюларында коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө жана вакцина алууга чакырып келген. Анын билдирүүлөрү COVID-диссидент деп аталган топтордун арасында катуу реакция жараткан. Алар алгач аны интернетте чабуулга алышып, кийин жумушуна чейин барып коркутушкан.

Австриядагы дарыгерлер ассоциациясы көптөгөн медициналык кызматкерлер эмдөөгө каршы чыккандардын коркутууларына кабылганын билдирген.

Австрия Батыш Европада COVID-19га каршы вакцинация жүргүзүүдө эң арткы орундарда турат. Өткөн айда өлкө бийлиги чоңдор үчүн вакцинациялоону милдеттендирүү планынан баш тарткан. Социологиялык сурамжылоолор көрсөткөндөй, австриялыктар мындай чарага катуу каршылык билдириши мүмкүн эле. Социологдордун маалыматына ылайык, калктын 13% эмдөө милдеттүү болгон чакта да вакцина алышмак эмес.

Былтыркы жылы Австрияда локдаунга жана милдеттүү вакцинациялоого каршы миңдеген адам катышкан демонстрациялар өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости