www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Кара деңиз флотунун штабына сокку урулду

Орусиянын Кара деңиз флотунун штабына пилотсуз учак менен сокку урулуп, беш киши жаракат алды. Бул тууралуу Севастополь шаарынын губернатору Михаил Развожаев Telegram каналы аркылуу билдиргенин РИА Новости жазды.

"Бүгүн эртең менен Украинанын улутчулдары Аскер-деңиз флотунун майрамын бузду. Штабдын короосуна белгисиз объект учуп келди, болжолдуу маалымат боюнча бул — пилотсуз учак. Беш кызматкер жаракат алды, каза болгондор жок. Бардыгына жардам көрсөтүлдү. ФСБ иштеп жатат, жагдайлар такталууда", — деп билдирген Развожаев.

Ал Аскер-деңиз флотунун күнүнө арналган майрамдык иш-чаралардын бардыгы коопсуздукту сактоо үчүн токтотулганын кошумчалаган.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости