www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда органын өлгөндөн кийин берүүгө макул болгон эки адам жети бейтапка донор болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Соңку алты айдын аралыгында коңшу өлкөдө орган алмаштыруу боюнча 104 операция жасалган.

"Органдардын көпчүлүгүн тирүү адамдардан алышты, ал эми каза болгон эки адам жетөөнө донор болуп берди. Мындай жол менен эки маркум ажал оозунда туруп, органга муктаж болгон жети кишинин өмүрүн сактап калды", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми 2021-жылы Казакстанда трансплантация боюнча 171 операция жасалып, анын ичинен төрт маркумдун 10 органы колдонулган.

Казакстандын жарандары кокус дарыгерлер консилиуму адам өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк жок деген чечим чыгарса, анын органын алууга макулдугун же каршылыгын egov.kz порталы аркылуу билдирип койсо болот.

Мындай сурамжылоого 18 миң адам катышып, анын ичинен 17 миңи каршы болгон, калган миңи өлгөндөн кийин донор болууга макулдугун берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости