www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай АКШдагы жерлерди массалык түрдө сатып алууда

Кытай компаниялары АКШдагы айыл чарба жерлерин массалык түрдө сатып алып жатышат. Бул тууралуу Fox News каналынын баяндамачысы Сара Картер кабарлады.

Эгерде 2019-жылы Американын аймагында 77,7 миң гектарга жакын жер кытайлыктарга таандык болсо, азыр бул көрсөткүч бир кыйла көбөйдү. Картердин айтымында, бул компаниялар Кытай өкмөтү менен байланышкан, алар жашыруун аскердик жайларга жакын жайгашкан аймактарга ээлик кылышууда.

"Мисалы, 2021-жылы Кытайдын мурдагы аскер кызматкери Мексика менен чек аралаш жерден 130 миң акр (1 акр — 4046 чарчы метрге барабар) жер сатып алган. Бул жашыруун "Лафлин" авиабазасына абдан жакын", — деди Картер.

Журналист ошондой эле Huawei компаниясынын ишмердүүлүгүнө тынчсызданып жатат. Компания аскердик куралдар сакталган базанын жанынан жер сатып алган. Ал тегеректеги уюлдук байланышты блоктоп алышы мүмкүн экени айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости