www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын өкмөтү жылытуу мезгили башталганга чейин Донецк облусунун оккупацияланбаган аймактарынын тургундарын милдеттүү түрдө эвакуациялайт. Бул тууралуу өлкөнүн вице-премьер-министри Ирина Верещук билдирди.

Анын айтымында, аймактын Украина көзөмөлдөгөн бөлүгүндө газ түтүктөрү талкалангандыктан, кышында жылуулук берилбейт.

"Донецк облусунан кеминде 200 миң адамды эвакуациялоо пландалып жатат. Жашоочулар эвакуациялоодон жазуу жүзүндө баш тарта алышат, алар бардык кесепеттерди билишет жана өз өмүрлөрү үчүн жеке жоопкерчилик тартат", – деди Верещук.

Вице-премьер-министрдин айтымында, тургундары көчүрүлө турган кийинки аймак Запорожье облусу болушу мүмкүн. Бул облустагы жашоочулардын 65% газ жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости