www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Япония Орусия Украинага кол салса, “эл аралык коомчулук менен макулдашып, тиешелүү жоопту кайтарарын” билдирди.
Тышкы иштер министри Хаяси Ёсимаса өткөргөн маалымат жыйында, Украинага басып кирген учурунда Орусияга каршы санкциялар киргизилиши "мүмкүн" экенин айтты.
Министр Хаяси: «Эгер Орусия басып кирсе биз азыркы кырдаалга жараша эл аралык коомчулук менен макулдашып жооп кайтарабыз», - деди.
Санкция тууралуу кеңири маалымат берүүдөн баш тарткан Хаяси, «дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүчү жол» издөөнүн улантылышынын маанисине көңүл бурду.
Бир тараптан Киодо агенттиги, Япония өкмөтүнүн Украинадагы 130га жакын жапон жаранын коргоо үчүн батыштагы Львов шаарында байланыш кеңсесин ачканын билдирди.
Министрлер кабинетинин башкы катчысы Мацуно Хироказу: «Учурдагы кырдаалды эске алып, жарандарыбыздын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз», - деди.
Япониянын Экономика, соода жана өнөр жай министри Хагиуда Коичи болсо, ыктымалдуу басып алуу учурунда Орусиядан энергия ташылышынын токтотулушу ыктымалдыгын «терең тынчсыздануу менен байкап жатышканын» айтты.
11-февралда Япониянын Тышкы иштер министрлиги жапон жарандарына Украинадан дароо чыгып кетүүнү жана бул өлкөгө “максатсыз” баруудан баш тартууну сунуштаган болчу.
Ал эми Орусия дүйнөнүн каалаган жеринде өз жарандарын коргойт. Бул тууралуу өлкөнүн Евробиримдиктеги туруктуу өкүлү Владимир Чижов The Guardian басылмасына берген маегинде билдирди.
"Эгер алар (украиндар) бир жерде - Донбасста же башка жерде орус жарандарын мыкаачылык менен өлтүрө баштаса, биз тийиштүү жооп кайтарсак таң калбайсыңар", - деди ал.
Ошол эле маалда Чижов Москва коңшу мамлекеттин кыжырын келтирбесе, аларга кол салбай турганын баса белгиледи.
Январдын орто ченинде Кремль "Союздук келишимдин" алкагында Беларуска аскерлерин жана оор артиллериясын жөнөтө баштаган. Буга чейин 30 миңден ашуун орус аскери биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү үчүн Беларуста жайгаштырылды.
Ошондой эле өлкөдө С-400 жер-аба ракеталык комплекстеринин эки батальону жана 12 Сухой Су-35 согуштук учактары жайгаштырылган.
НАТО бул кадам Беларуста Кансыз согуш аяктагандан берки эң чоң кадам экенин билдирди. Учурда 100 миң орусиялык аскер Крым, Беларусь жана Украина менен чектеш, азыр Орусиянын көзөмөлүндө турган аймактарда жайгашканы айтылууда.
Белгилей кетсек, АКШ менен Батыш Орусияны басып алууга даярданууда деп айыптоодо. АКШ президенти Байден Москва чабуулун 16-февралда баштаарын билдирген. 30дан ашык өлкөнүн жарандарынан Украинага барбоого жана ал жакта жүргөндөрдүн өлкөдөн чыгып кетүүсүнө тыюу салынууда. АКШ Киевдеги элчилигинин кызматкерлерин эвакуациялай баштады.
Москва өз кезегинде Украинага басып кирүүгө даярданып жатат деген айыптоолорду четке какты. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Орусия согушта эмес жана Украина менен согушуу ниети жок деп билдирди. Министр ошондой эле АКШны жана анын союздаштарын Орусияга каршы "пропагандалык кампанияны" баштаганы үчүн айыптап, мындай аракеттер Киевди өлкөнүн чыгышындагы кырдаалды аскерий жол менен жөнгө салууга түрткү берерин эскертти.
Маалымат үчүн айта кетсек, бүгүн, 15-февралда Орусиянын парламенти – Федералдык Жыйындын төмөнкү палатасы – Мамлекеттик Дума өзүн Донбасстан көз карандысыз деп жарыялаган Донецк жана Луганск облустарынын эгемендигин таануу боюнча мыйзам долбоорун карады. "Донецк жана Луганск Элдик Республикаларын таануу жөнүндө" мыйзам долбоору, ошондой эле башкаруучу "Бирдиктүү Орусия" партиясынын мыйзам долбоору добушка коюлуп, КЭДР менен КЭРдин көз карандысыздыгын таануу тандалды.
Эске сала кетсек, 2008-жылы Орусия автономиясын басып алууну көздөп жаткан Грузияны токтотуу үчүн Осетияда орустар бар деген шылтоо менен аймакка кирген. Акыры экөөнүн ортосунда согуш болуп, Грузия жеңилип калган.
Диёра Абдурахмонова, Ташкент