www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн 2021-жылдын жыйынтыктары боюнча журналисттер менен чоң жыйын өткөргөндө, биринчи эле көтөргөн маселеси Кумтөр болду. Анын айтымында, канадалыктар менен сүйлөшүү аягына чыгып баратат жана тараптар мунасага 15-мартка чейин жетиши мүмкүн.

Жапаровдун пикиринде, Кумтөр маселесинде экономикадан мурда адамдык маселе турат, анткени Кыргызстан өз кен байлыктарына өз суверенитетин орнотууда. Канадалыктар болсо, ушундай болоорун мурда эле сезгендей, ошондуктан мындан 4-5 жыл мурда эле бардык каражаттарын чет мамлекеттердеги банктарга которуп кирген. Азыр алар ийге келе баштады. Кумтөр мурда кээ бир салыктарды да төлөбөй келген жана азыр салык боюнча эле бюджетке 4 жарым млрд сом кошулууда.

Биринчи президент Аскар Акаев дагы күнөөсүн моюнга алып, 2003-жылы түзүлгөн келишимден негизги пайдага анын аялынын жакын туугандары ээ болгон деп билдирди. Чындап эле, ошол 2003-жылы Кумтөр долбоору кайра түзүлбөгөндө, Кумтөр кени 2007-жылы эле толугу менен Кыргызстандын колуна өтмөк.

Последние новости