www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эквадор Россиядан коронавируска каршы күрөшүү үчүн жардам сурады. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги билдирди.

Эквадордун элчиси Хулио Прадо Эспиноса  расмий Кито Россиянын федералдык компанияларына жана лабораторияларына коронавирустук инфекциясы бар бейтаптарды дарылоодо колдонулган дары-дармектерди, ошондой бет каптар, респираторлор жана механикалык желдетүү шаймандарын бөлүп берүүсүн суранып кайрылуу жолдоду.

“Биз Россия Федерациясы жана анын эли түшүнүү менен карайт деп үмүттөнөбүз. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы тыгыз мамилени эске алып, жакында бир нерсени ишке ашыра аларыбызга ишенебиз”-деп дипломат билдирген.

Анын айтымында, фармацевтикалык компаниялардын бири Эквадорго вируска каршы дарылоочу циклоферон сунуштоодо.

Акыркы маалыматтар боюнча, Эквадордо 3995 адам коронавирус жуктуруп, 220 адам каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости