www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус алгачкы жолу адамга лабораторияда же талаадагы изилдөөлөр маалында жугушу мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости даниялык окумуштуу, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттер тобунун жетекчиси Питер Эмбаректин изилдөөлөрүнө таянып жазды.

Илимпоздун айтымында, бул божомол гана.

"Лабораториянын кызматкери талаада үлгү алып жаткан учурда жугушу мүмкүн делген гипотеза бар. Дал ушул учурда вирус жарганаттан адамга өткөн. Мындай болгон учурда вирус лабораторияда жукту деп айтууга болот. Анткени илдетти фермер же башка карапайым адам эмес, лаборатория кызматкери жуктуруп жатат", — деди Эмбарек.

Анткен менен адис пандемиянын чыныгы себеби такталмайынча окумуштуулар аны издей берерин кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин коронавирустун келип чыгышынын башкы версиясы катары жаныбардан адам баласына түз жуккан дегенге эксперттер "андай болушу да, болбошу да мүмкүн" деп жооп беришкен. ДССУнун миссиясы вирус тоңдурулган азык-түлүктөр аркылуу тараган деген пикирди көбүрөөк карманарын белгилеп келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости