www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус чыгышта кенен жайылып баратат

Тунистин саламаттык сактоо министрлиги жаңы тип коронавирустан 996 кишинин карантинге алынганын билдирди. Бул тууралуу trt.net.tr жазып чыкты.

Иракта болсо жаңы тип коронавирустан үчүнчү киши каза болуп, оорунун жуккан саны 35ке жетти.  

Кытайдан кийин вирустан таасирленген Иранда болсо бардык спорттук иш чаралар токтотулду.

Мазендеран, Фарс, Исфахан, Резеви Хорасаны жана Эрбил губернаторлору Нооруз майрамында жүргүнчү кабыл алышпай тургандарын, шаарларга кирүүгө тоскоол болушураны жарыялады. Өлкөдөгү бардык билим берүү мекемелери 20 -  мартка чейин эс алууга чыкты.

Иран Төңкөрүш Гвардиясынын башкы командири Хүсейин Селами өлкөдө ылдам жайылып бара жаткан жаңы тип коронавирустун АКШнын биологиялык кол салуусу болушу мүмкүн экендигин айтты.

Ирандык сутденттер маалымат агенттигинин кабарына караганда Кирман аймагында өткөн иш чарада сөз сүйлөгөн Селами өлкөдө ушул кезге чейин 92 киши каза болгон Ковид  - 19 вирусуна байланыштуу : «Баары өлкөнүн ырааттуулук жана чечкиндүүлүк менен бул абалды жылдын акырына чейин (Иран календары боюнча 21 -  март) ашып өтөрүн билиши керек»,- деди.

Командир Селами : «Бүгүн оболу Кытай андан кийин Иран жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө жайылган АКШнын биологиялык кол салуусунун бир продукциясы болушу мүмкүн болгон бул вирус менен күрөшүүдө жеңишке жетишебиз. АКШ бул ишти кылган болсо өз калкына кайтарын билиши керек. Эгерде АКШнын иши болбосо да бул вирус ортодон жок болот»,- деп айтты.

Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяху өлкөдө күч алган жаңы тип коронавирустан улам элди «кол алышып көрүшпөөгө» чакырды.

Италия менен Япониядан кайткандардын да араларында болгон 15 израилдиктен Ковид  - 19 аныкталды.

Израилдин башкы штабынын командири Авив Кочави Ковид  - 19 тынчсыздануусу менен АКШга жасай турган сапарын кечеңдетип, мамлекеттик кызматкерлердин иш саякаты үчүн өлкө тышына чыгышына тыюу салды.

Израиль башкаруусу жаңы тип коронавирус тынчсыздануусу менен Германия, Франция, Испания, Австрия жана Швейцариядан барган чет элдиктерди 14 күн Израилде карантинде боло турган бир үй көрсөтпөсө  өлкөгө албайт.  

Палестинанын саламаттык сактоо министрлиги болсо бир мейманкананын кызматкерлеринде коронавирус шектенүүсү менен басып алынган Батыш Шериада өзгөчө кырдаал жарыялады.

Ковид – 19  вирусу жуккан киши саны Оманда 15, Ливанда 14, Алжирде 12ге жетти.

Түштүк Африкада да биринчи коронавирус жугузган киши чыкты.

Нигерияда болсо вирустан улам Улуттук парламент ишин эки жумага токтотот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости