www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шри-Ланка бийлиги коронавирус эпидемиясынын жайылуусуна бөгөт коюу максатында 2961 соттолуучуларды абактан чыгарган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, күрөөгө (залог) бошотулган кылмышкерлердин басымдуу бөлүгү жеңил кылмыш менен жазага тартылгандар жана жаза мөөнөтү аягына чыгайын деп калган адамдар бар.

Учурда аралда 10 миң кишиге ылайыкташкан түрмөлөрдө 26 миң соттолуучу кармалат.

Белгилей кетсек, Шри-Ланканын полициясы апрель айынын башында коменданттык сатты бузган 10 миң 39 адамды камакка алып, аларды күрөөгө чыгарылбайт деп эскертишкен.

Эске сала кетсек, буга чейин Иран бийлиги 90 миңге жакын кылмышкерин абактан чыгарган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости