www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 18-мартта биринчи жолу коронавирус катталгандан бери, элдин тынчы кетти. Бирок, бул кырдаалда маанайды чөктүрбөй, позитив тартуулаган билдирүүлөр да жок эмес.

Алардын бири төмөндө:

“Биздеги бардык чындык бул-биздин аң сезимибиздеги картинанын чагылдырылышы. Демек, адамга тазалануу үчүн кандайдыр бир себеп керек болгон. Барынан маанилүүсү биз кантип жашап жатабыз, эмне үчүн жашап жатабыз жана бул жашоодо эмне баалуу.

Баштапкы кесиптик билим берүү системасы жалпы күрөшкө өз салымын кошконун улантып жатат: биздин кол өнөрчүлөр марлядан медициналык бет каптарды тигишүүдө, өздөрүнүн мекемелерин тазалап жатышат.Чет өлкөдөн Кыргызстанга келген биздин жарандарга обсервация даярдап, карантин эрежелерин сактоого чакырышат: эл көп жерге барбоого, өздүк гигиенаны сактоо жана үйдү таза кармоо.

Ошондой эле дагы бир маанилүү нерсе-дайыма позитивде болуу, бул аябай маанилүү!!!

Көңүлдү көтөрүү үчүн. Бир адам эмне үчүн ага коронавирус керек экенин түшүнүп, аны жакшы көрүп калды.

Коронавирус-дүйнө жүзүндө болгон эң жакшы нерсе:

  1. Менин жубайым дүйнө кыдыргысы келбей калды.
  2. Бадык товарлар Кытайдан келгендиктен, эч нерсе сатып алгысы келбей калды.
  3. Соода борборуна барып, кийим алам дебей калды.
  4. Вирусту жуктуруп алам деп коркуп, массалык иш-чараларга баргысы жок.
  5. Ал бир күн бою кечке сүйлөбөй жүрөт.
  6. Ал үйдү атайын каражат менен тазалап, жууп калды.
  7. Өзү арак сатып алат! Өзү куят! Өзү мени дезинфекция кыл деп мажбурлайт!

Бул вирус эмес! Бул кандайдыр бир майрам!”

Белгилей кетсек, 22-марттан баштап  Республика боюнча өзгөчө кырдаал киргизилген.

Кыргызстанда коронавирус биринчи жолу 18-мартта катталган. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 3 адамдан коронавирус аныкталган. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, алардын тесттеринин жыйынтыгы ошол эле түнү Бишкектен чыккан. Вирусту жуктуруп алгандар Араб Эмиратынан 12-мартта келишкен.

20-мартта коронавирус дагы үч адамдан аныкталганын Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев  маалымат жыйынында билдирген. Алар Ноокат районунун тургундары. Умра сапарына барып келген бул тургундар изоляцияга алынган.

21-мартта Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков дагы 6 учур катталганын маалымдаган. Алардын бешөөсү Сузак районунда, бирөө Баткенде катталган.

Булак: NazarNews.kg

 

 


 

 

 

 

 

 

Последние новости