www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын окумуштуулары коронавирус эркектин сексуалдык каалоосун жок кыла турганын аныктай алганын Daily Mail жазды.

Маалыматка таянсак, изилдөөчүлөр коронавирус инфекциясы менен ооруканада жаткан 232 кишинин жыныс гормонунун деңгээлин анализдешкен. Натыйжада 51 бейтапта гипогонадизм абалы байкалган, мында организмде жетиштүү санда тестостерон иштелип чыкпай калат. Ал эми вирустун белгилери көп байкалбаган эркектер жыныстык катнашка мурдагыдай умтулбай калганын билдирген. Адистер бул тестостерондун төмөндөп кеткенинен кабар берерин түшүндүрүшкөн.

Белгилей кетсек, окумуштуулар коронавирус инфекциясын жуктуруп ооруканага түшкөн эркектерге тестостерон гормонунун деңгээлин текшертип коюуну сунуштаган. Ак халатчандар ага өзүнчө терапия жүргүзөрү айтылат.

Тестостерон гормонунун эркектин жашоосунда мааниси чоң. Бул гормон жетиштүү кезде эркектин энергиясы ашып-ташып, кандай иш баштабасын майын чыгара жасайт. Тестостерондун жардамы менен эркекке сакал-мурут өсөт, булчуң эт толот, кандын курамы жакшырат. Эң негизгиси — эркектин бел суусунун иштелип чыгышына, тагыраагы, тукум улоосуна шарт түзүлөт.

Ошондой эле тестостерон акыркы изилдөөлөр боюнча вирустук инфекцияларга туруштук берүүдө маанилүү роль ойнойт. Анын деңгээлинин төмөн болушу респиратордук инфекция, сасык тумоо, сезгенүү, жүрөк-кан тамыр ооруларынан жана кан басымдын көтөрүлүшүнөн улам өлүм коркунучу жогорулашы мүмкүн экени айтылып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости