www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөн аптада Тажикстанда коронавируска кабылгандар жок экенин Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү расмий түрдө кабарлаган болчу. 5-апрелде өлкө бийлиги Согдий облусундагы Жаббор Расулов районундагы оорукананын бирин карантинге жапты. Карантинге жабылган ооруканада 31-мартта 60 жаштагы бейтап пневмониядан каза болгон. Маркум март айында Кыргыз өлкөсүнө үлпөт тойго келип кеткенин жакындары ырасташкан деп жазат тажик басылмаларынын бири.
Тажик басылмасынын маалыматына ылайык, 60 жаштагы бейтап каза болгондон кийин 5-апрелде 11 дарыгердин дене табы жогорулап кетип, башкы дарыгердин абалы өтө оор деп бааланган жана алардын баары ооруканага жаткырылган. Пневмониядан каза болгон жарандын жакындарынын айтымында, маркум 1 ай мурда Кыргызстанга үлпөт тойдон баргандан кийин дене табы жогорулап, оор абалда ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер ага пневмония диагнозун коюшкан. 20-мартта бейтаптын абалы оорлошуп, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө которулуп, 31-мартта каза болгон.
Учурда маркум канча адам менен байланышта болгону тууралуу так маалымат айтыла элек. Бирок маркумдун үй-бүлө мүчөлөрүнүн экөөсүнүн дене табы көтөрүлүп, ооруканада жатышса, мындан башка кеминде 11 адам коронавируска шектелип жатканы маалым болду.
Карантинге жабылган оорукана

Булак: NazarNews.kg