www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстанда карантинде жаткандардын арасынан 11-апрелде Ходжимухаммад Тошев аттуу жаран көз жумду деген маалыматты тажик басылмалары жарыялаган. Бирок Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги маркум жүрөк оорусунан улам каза тапкан деп билдиргенин жазып чыкгышты.
"12-апрелде карантинге алынгандар жаткан ооруканада иштеген Оишамох Алимова аттуу 58 жаштагы дарыгер аял каза болгон. Буга карата өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан дарыгердин коронавирустан улам көз жумду деген маалымат калп экенин айткан”,-деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, министрликтин өкүлү Алимованы кургак учук илдетинен улам каза тапканын билдирген. Ошондой эле министрлик журналисттер сенсация жаратуу үчүн ар бир өлүмдү коронавируска байланыштыра бербешин суранган.
Тажикстанда 1-февралдан 13-апрелге чейин карантинге жаткырылгандардын жалпы саны 7 миң 560 адам болсо, анын ичинен 5 миң 724ү үйлөрүнө чыгарылган. Ал эми дагы 1 миң 836 адам дале карантинде жатат.
Булак: NazarNews.kg