www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Грузиянын Поти шаарындагы агрардык базарына келгендерге жаңы эреже киргизилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, жаңы эреже боюнча, бардык жарандардын акчасы үтүктөлүп, дезинфекцияланат. Үтүккө антисептик каражаты куюлган, ал бууланганда акчадагы бактерияларды өлтүрөт. Ал эми металл, тагыраагы, тыйын акчалар антисептик каражаты менен тазаланат.

Мындан тышкары базардын бардык кардарларынын дене табы текшерилип, кол кап берилет. Бул эрежелер коронавирус инфекциясынын жайылуусуна бөгөт коюу үчүн колдонулууда.

Учурда Грузияда 174 адам ооруп, 36 жаран илдеттен арылды. Каза болгондор - 2.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости