www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 15-мартында кыргыз тарабынын демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловдун ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болду. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маектин жүрүшүндө тараптар Өзбекстан Республикасынын территориясында коронавирустун табылышына байланыштуу түзүлгөн кырдаалды жана тараптардын мындан аркы биргелешкен аракеттерин, анын ичинде, тараптардын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү жүк транзити багыты боюнча аракеттерди талкуулашты. 

Тараптар бул маселе боюнча маалымат менен алмашып турууну жана мындан аркы иштерди биргелешип жүргүзүүнү сүйлөшүштү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости