www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков март айындагы айлык маянасын коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган эсеп бөлүмгө которду. Өлкө башчынын бир айлык маянасы 53 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Буга чейин белгилүү болгондой, коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган эсеп бөлүмгө саясатчы Өмүрбек Бабанов 5 миллион сом, депутат Камчыбек Жолдошбаев 1 миллион сом которгон. Медициналык бет каптар үчүн «Неман фарм» ЖЧКсы 900 миң сом, «Лекарь» ЖЧКсы 300 миң сом жардам колун сунган.

Ал эми Искендер Матраимовдун айтымында иниси Райымбек Матраимов COVID-19 вирусун жоюуга каршы, коомчулукка азык-түлүк, медициналык беткаптар, жасалма дем алдыруучу жабдыктар жана коронавирусту аныктоочу экспресс-тесттерди берген. Ошондой эле, 21-марттан тарта 500 тонна ун, 50 тонна өсүмдүк майы жана 200 миӊ даана бет кап өлкө аймагындагы вирус катталган аймактарга таратыла баштагандыгын коомчулукка жарыя кылган болчу.

Искендер Матраимов: ""Биринчи кезекте гуманитардык жардамды коронавирус илдети катталган аймактардан баштайт. Ушул тапта чет өлкөдөн 10 даана портативдик жасалма дем алдыруучу жабдыгын алып келүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Жасалма дем алдыруучу жабдыктар жана дартты аныктоочу экспресс-тесттер алгач Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүлүп берилет. Ага кошумча, коронавирусту 15 мүнөттүн ичинде аныктай турган 20 000 даана экспресс-тесттерди алдырып жатабыз, ал 5 күндө өлкөгө келет. Аны менен бирге эле, Ата-Мекендик өндүрүшчүлөр тарабынан даярдалган беткаптарды аты аталган фонд 5 миллион сом өлчөмүндө сатып алууга даяр”,-деп маалымдаган эле. 

Коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган эсепке жалпы 8 миллион 702 миң сом түштү. Бул тууралуу бүгүн, 23-марттагы онлайн маалымат жыйынында вице-премьер Эркин Асрандиев билдирди.

"Айыл банк" жана "РСК" банктарында атайын эсеп ачылган. Эсепке канча акча которулганы жана топтолгон каражаттар эмнеге жумшалганы боюнча калкка күн сайын ачык маалымат берилет. Топтолгон каражатты эмнеге сарптоо керектиги Жогорку Кеңеш чечет ", - деди ал.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости