www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын коронавирус инфекциясына каршы туруу, андан тышкары каржы, грант жана гуманитардык жардамдарды рационалдуу пайдалануусун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын маалыматы угулуп жатат.

Комиссиянын текшерүүсүнүн жыйынтыктары Коопсуздук кеңешинин жыйынында каралат.

Аталган комиссиянын мүчөсү Гүлмира Жумалиева Кыргызстанда коронавирус менен күрөшүү боюнча кайсы чечимдер эффективдүү, а кайсылары пайдасыз болгону тууралуу айтып өттү.

Мамлекеттерди категорияларга бөлүү

Пайдасыз. Анткени өлкөдө аныкталган коронавирустун алгачкы учурлары Сауд Аравиясынан келген адамдар менен байланыштуу болчу.

Көчөлөрдү дезинфекциялоо, дезинфекциялык тоннелдерди колдонуу

Пайдасыз. Балким терс таасир дагы тийгизген. Каражаттар рационалдуу пайдаланылган эмес.

COVID-19 вирусун жуктурду деп шек жараткан адамдарды обсерваторлорго карантинге алуу

Терс таасир тийгизген, себеби обсерваторлордо тийиштүү шарттар түзүлгөн эмес. Тиешелүү шарттар түзүлбөсө, жарандарды үй карантинине алуу туура болот. Үйүндө үй-бүлө мүчөлөрүнө оору жугушу мүмкүн деген тобокел бар, бирок 100 киши жаткан обсерватордо көп кишиге оору жугушу мүмкүн. Медицина кызматкерлери көпчүлүк учурда кызыл зонада эмес, тийиштүү шарты жок обсерваторго жатканда коронавирус жуктурушкан.

Үймө үй кыдыруу

Пайдасыз. Жөн гана каражат жана күч сарпталган. Башында коргоочу костюмдар жок кезде ооруну жайылтуу коркунучу болгон. Себеби үйлөрдү кыдырган адамдар коргоочу костюмдарын алмаштырбай, үйлөрдү кыдырышчу.

Күндүзгү стационарларды ачуу

Терс таасир тийгизген. Изоляцияга алуу боюнча тийиштүү шарттар түзүлгөн эмес. Диагнозу аныкталбаган бейтаптар да жаткырылган. Суук тийген адам дагы ал жакка жаткырылганда коронавирус жуктурушуна алып келген. Бул оорунун жайылышына шарт түзгөн.

Экспресс-тесттерди жүргүзүү

Тесттердин коронавирусту аныктоо күчү төмөн болгондуктан пайдасыз. ПЧР-тесттер менен бирге каралышы керек экендигине байланыштуу тесттерди жакшы түшүнбөө болгон.

Медициналык уюмдардын базасында жугуштуу оорулар бөлүмдөрүнүн ачылышы

Талаш маселе, бирок көбүнесе пайдасыз. Бөлүмдөрдү персонал жана жабдыктары бар саламаттыкты сактоо мекемелеринин базасында ачууга мүмкүн болчу. Бирок аларды жаап, кыскартышкан. Стационарларды ошол жерде иштеген медицина кызматкерлеринин эс алуусу үчүн пайдаланышкан. Алар жаткан койкаларды бейтаптарга берсе болот эле.

Өзгөчө абал режими

Өз убагында киргизилген. Оорунун жайылышын токтоткон.

Өзгөчө абал режимин алуу

Бир канча факторлор бар. Элдин коркуу сезими дароо төмөндөгөн, бала бакчалардын иши жанданган, эл аралык авиакаттамдар ачылган. Булар коронавирус жуктурган адамдардын көбөйүшүнө алып келген.

Экинчи толкун. 32 мамлекеттен келген жарандарга чек арадан өткөнгө уруксат берүү экинчи толкундун күчөшүнө таасир эткен. Балким өлкөгө коронавирустун ар кандай штаммдары киргизилген. Октябрдагы окуялар дагы өз таасир тийгизген.

Окуучуларды аралыктан окутуу

Мектептердин ачылышы айрым окуучуларга чын эле таасир эттиби деп карадык. Анчалык деле айырма көргөн жокпуз.

Облус, район, айылдардын кире беришинде санитардык пунктарды уюштуруу

Эффективдүү.

Ооруканалардын профилин өзгөртүү

Эффективдүү

Мобилдик бригаларды түзүү

Эффективдүү. Бирок башында аларда коргоочу костюмдар жетиштүү эмес болчу.

Аралыктан окутуу

Эффективдүү

Массалык иш-чараларды тыюу

Эффективдүү

Изоляциялануу, адамдар көп чогулган жерлерге барбоо, бет кап тагынуу

Бул чаралардын баары аябай эффективдүү. Калк бул эрежелерди сактаса, эффект мындан да жогору болмок.

Медиктердин коргоочу костюмдарды колдонуусу

Эффективдүү. Бирок комбинезондорду сатып алууга чоң акча сарпталган, алардын ордуна бир жолу колдонулуучу халаттарды алса болот эле. Респиратор жана кол каптарды сатып алууга көңүл буруш керек болчу.

Колду жуу

Эффективдүү. Бирок бул эрежени эл аткарышы керек.

Жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө чаралын күчөтүү

Эффективдүү, бирок туура башкарууда гана.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости